22:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жарандык активист Башкы прокуратурага президенттин үстүнөн арызданды

Жарандык активист Адил Турдукулов Башкы прокуратурага президенттин үстүнөн арызданды. Бул тууралуу ал «24.kg» агенттигине билдирди.

Анын айтымында президент акыркы сөзү менен БШК жөнүндө мыйзамды одоно бузду.

«БШКнын ишине мамлекеттик органдар аралашпасы керек. Президент өзү БШКнын ар бир мүчөсү бир да талапкерди шайлоодон четтетпөө тууралуу сүйлөшүп чыгуу буйругун бергендигин айтты. Бул президенттин түздөн-түз шайлоого кийлигишип жаткандыгын көрсөтөт», — дейт Адил Турдукулов.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума