Чүй облустук өкүлчүлүгү Казакстанга өтүүгө үч оңой жолду сунуштайт. Маалыматка караганда, «Токмок», «Кең-Булуң» жана «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрүү бекети иш тартибин өзгөрткөн жок. Унаа жана жүргүнчүлөрдун тыгыны азыраак. Аталган көзөмөл-өткөрүү бекеттери унааны 20-25 мүнөттө текшерип өткөрүп жатканын билдирет.
Өкмөттүн облустук өкүлчүгү 50 миң сом бөлүп, «Токмок», «Кең-Булуң» жана «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрүү бекетиринде тургандар үчүн ысык тамак уюштурду.
Эскерте кетсек, Казакстандын чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөндүгүнө байланыштуу, кыргыз-казак чек арасында унаа жана жүргүнчүлөрдүн тыгыны жаралды.