20:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жарандык активист бийликти күч менен басып алуу айыбы менен кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандык активсит Мелис Аспековду кармап, 48 саатка камады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди. 

Шарабидин Токтосуновдун айтымында, ал массалык башаламандык жасоо, бийликти күч менен басып алуу аракетине айыпталууда. Аспековго каршы козголгон кылмыш ишине «купуя сыр» макамы ыйгарылгандыктан, иштин чоо-жайы белгисиз. 

Мелис Аспеков 11,5 жылга эркинен ажыратылган Садыр Жапаровду колдоого алып, ага каршы козголгон ишти сындап келген. 

Эң көп окулган жаңылыктар