16 жыл ичинде кургак учуктан каза болгондордун саны беш эсеге кыскарды. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Фтизиатрия улуттук борборунун директору Абдуллаат Кадыров билдирди.
Анын айтымында, кургак учук менен ооруугандар 2001-жылы эң көп катталган. Ал жылы 100 миң кишиге 168 бейтап жана 27 өлүм туура келди.
«Акыркы жылдары тынымсыз жүргүзүлгөн алдын-алуу иштери илдетке чалдыккандардын санын эки эсеге, ал эми өлүмдү беш эсеге кыскартты. Айрыкча жаш балдар жана өспүрүмдөр арасында кургак учук азайды», — деди Абдуллаат Кадыров.
Бирок ага карабай даарыгерлердин айтымында, кургак учуктун туруктуу формасы күч алууда.