10:33
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы карызы 221,26 миллион долларга көбөйдү

Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы карызы 221,26 миллион долларга көбөйдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлайт. 

31-июлга карата өлкөнүн карызы $4 миллиард 286 миллион долларды, же 294 миллиард 238 миллион сомду түздү. Анын 3 миллиард 897 миллион 27 миң доллары - тышкы карыз, 388 миллион 80 миң доллары — ички карыз.

Мындан бир ай ичинде мамлекеттик карыз 41 миллион долларга көбөйгөнүн байкоого болот. 30-июнда ал 4 миллиард 245 миллион 95 миң доллар болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар