15:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ташиев, Мадумаров, Келдибеков жана Төрөбаевдин төртилтиги таркады

Президенттикке ат салышкан төрт саясатчы бириккен «Кайра жаралуу» партиясынын курултайы бүгүн болбойт. Бул тууралуу маалыматты «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын штабынан ырасташты.

Алардын айтымында, бүгүн Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда «Өнүгүү-Прогресстин» гана курултайы өтөт. Анда жаңы саясый уюмудун катталган-катталбагандыгы жана жыйыны качанкыга жылдырылгандыгы тууралуу атайын билдирүү жасалмакчы.

«Атайын брифинг өтөт. Ошондо жаңы бирикме боюнча дагы суроолорго жооп беребиз» — деп билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттикке ат салышууга камынган төрт саясатчы бир уюмга биригип, бир талапкерди колдоп чыгарын жарыялашкан. 

Акыркы маалыматтарга карагандай, Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековду колдоого алды. Ал эми Бакыт Төрөбаев өз алдынча шайлоого катышмай болсо, Акматбек Келдибеков менен Адахан Мадумаров башка талапкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. 

Төртөө бир талапкерди гана эмес, партиянын аталышы боюнча дагы бир бүтүмгө келе албагандыгы маалымдалат. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби