08:25
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Парламенттин мурдакы төрагасы Боршайком менен соттошот

Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Ахматбек Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясы менен соттошот. Бул тууралуу ал «24.kg» агентигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, БШК аны президенттикке талапкер катары каттабай, мыйзамды орой бузду. Ал шайлоо катышуу үчүн күрөөгө акчаны төгүп, кол топтоп, мамлекеттик тил сынагын тапшырып, баардык талаптарды аткаргандыгын айтат. 

Белгилей кетсек, БШК Ахматбек Келдибековдун соттолгондугу жоюула электиктен аны каттоодон баш тарткан. 

Келдибековдун айтымында, ал оор берене менен соттолгон эмес, айыппул төлөө жазасын гана алган. 

Жогорку соттун буга чейин берген маалыматында, Ахматбек Келдибековдун соттолгондугу 2017-жылдын 8-ноябрында жоюулары айтылган. 

Эң көп окулган жаңылыктар