07:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кеминдин салыкчылары бекер чаптаманы айдоочуларга сатууда

Салык кызматынын Кемин райондук башкармалыгында айдоочуларга бекер берилүүчү чаптаманы акчага сатууда. Бул тууралуу район тургундары социалдык тармакта жазышты.

Маалыматта, салык төлөгөндүгү тууралуу чаптаманы 20 сомго сатып жатышкандыгы айтылат.

«Банкка авто салыкты төлөп, салык кызматына келсем, дагы 20 сом сурап жатышат. Аны кассага эмес, столдун тартмасы салып жатышат», — дейт айдоочу.

Мамлекеттик салык кызматынан «24.kg» агентигине чаптамалар бекер берилерин ырасташты. Кеминдеги башкармалык текшерилип, чара көрүүнү убадалашты.

Эң көп окулган жаңылыктар