20:24
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кайненесинин өлүмүнө шектелген келин эки балалуу

Кайненесинин өлүмүнө шектелген келин эки балалуу. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

27-августта Ош шаарында таштандыда табылган аялдын өлүгүн 1966-жылы туулган Чоң-Алай районунун тургунуна А. Жумагүлгө тиешелүү экендиги аныкталды. Анын өлүмүнө шектелип, эки аял кармалган. Бири маркумдун 25 жаштагы өз келини - Умсунай. 

Тергөөнүн билдирүүсүндө, А. Жумагул эки күн мурда уулунун үйүнө конокко келген. Умсунай аны башка таш менен чаап өлтүргөнүн мойнуна алган. Келиндин айтымында, кайыненеси аны баласы менен жашатпай, үйдөн кууп чыгам деп коркутуп жүргөн. 

Эң көп окулган жаңылыктар