15:44
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жаңы өкмөттө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов вице-премьер болот

Жаңы өкмөттүн курамында бир топ өзгөрүүлөр күтүлөт. Премьер-министрликти Сапар Исаков жетектесе, вицелик орунга эки талапкер каралууда. Алардын бири  Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, экинчиси- Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев. Бул тууралуу «24.kg» агентигине КСДП фракциясынан билдиришти. 

Социал-демократтар бүгүн бүгүн жыйынга топтолуп, президенттик аппарат башчысы Сапар Исаковдун талапкерлигин карашат. 

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков шайлоого талапкер болуп катталгандан кийин кызматын тапшырды. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттун курамын бекитүүнү талап кылды. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби