08:17
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Боршайком Бакыт Төрөбаевди президентикке талапкер кылып каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы Бакыт Төрөбаевди президентикке талапкер катары каттады. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери расмий катталган төртүнчү талапкер болду. 

Ал 72 миңден ашык кол топтоп, мамлекеттик тил сынагынан 67,9 балл алган. 

Ага чейин Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов жана Сооронбай Жээнбеков катталган. Талапкерлерди каттоо 10-сентябрга чейин жүрөт. Белгилей кетсек, азырынча жалаң гана партиянын атынан көрсөтүлгөндөр катталууда.

Шайлоо 15-октябрда өтөт.