05:13
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Башкы прокуратура «Сентябрь» телеканалын жабууну талап кылууда

Башкы прокуратура «Сентябрь» телеканалын жабууну талап кылууда. Бул тууралуу «24.kg» агентигине телеканалдын өкүлү Кайыргүл Урумканова билдирди. 

Анын айтымында, Башкы прокуратура берген доо арызды Биринчи май райондук сотунда бүгүн карап жатышат. Алгачкы жыйын жоопту тарап жана анын жактоочусу жок өтүүдө. Сотко катышып жаткан каналдын редактору Канышай Мамыркулова өзүн жаман сезип, ага тез жардам кызматын чакырышкан. 

Кайыргүл Урумканованын айтымында, Башкы прокуратуранын доо арызынын аларга тиешеси жок. Анткени, арыз жолдоого негиз болгон материал алардын эфиринде чыккан эмес.

«Абдулла Капаровдун сөзүн Жалал-Абаддагы «Сентябрь»  телеканалы көрсөткөн. Ал телеканал бир жыл мурда жоюлуп, азыркы санариптүү «Сентябрь» телеканалына тиешеси жок»,  — деп түшүндүрдү Кайыргүл Урумканова. 

Эң көп окулган жаңылыктар