17:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Айкөл Ала-Тоо» менен «Апрель байрагынын» билдирүүсү

«Айкөл Ала-Тоо» менен «Апрель байрагы» коомдук бирикмеси өзүн 7-апрелдин баатырлары деп атаган жарандарга ачык кат жолдоду. 

«Биз «Айкөл Ала-Тоо» менен «Апрель байрагы» коомдук бирикмеси апрель окуяларынын катышуучуларынын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таркаткан Сапар Исаков жөнүндө билдирүү менен макул эмеспиз. 

Алардын арасында президентикке талапкер С. Абдырахманов жана бир нече оппозициялык маанайдагы талапкерлер бар. Алар бул билдирүүлөрүн жарандык көз-караш деп айтууга да болбойт. Анткени, алар КСДПнын талапкерин алсыздатып, президент Алмазбек Атамбаевге каршы чабуул уюштургусу келет.

Сапар Исаковду Бакиевдин командасы менен байланыштыруу карандай калп. Сапар Исаков төңкөрүшкө чейин эле Медет Садыркулов жана Алмазбек Атамбаевдин досу жана тарапташы болгон. Ал Максим Бакиев жетектеген агенттиктен бир нече айга гана техникалык жумушчу катарында иштеген. Ал эч качан мурдакы бийликтин ыплас иштерине аралашкан эмес. 7-апрелден кийин болсо, болгон күчү жана убакытын жумшап, Алмазбек Атамбаев менен бир командада иштеди. 

Ага каршы катка кол койгон «баатырларды» негедир Бакиевдин кезинде Коопсуздук кеңешин жетектеген Адахан Мадумаровдун шайлоого катышып жаткандыгы ойлондурбайт. Алардын айрымдары Мадумаровдун штабында дагы иштеп жатышат. Бул алардын «революциялык» көз-карашына дал келеби? 

Биз алардын бул аракеттерин Алмазбек Атамбаевге каршы саясый чабуул катары эсептейбиз. Бул апрель окуяларынын көпчүлүгүнүн ой-пикирин билдирбейт. Сапар Исаков өзүн эмгекчил, акылдуу жана таза жетекчи катары көрсөтө алды. Биз анын мындан ары ишине ийгилик каалайбыз.

 «Айкөл Ала-Тоо»

«Апрель Байрагы»

«Эр Теги»

 «Патриот»

«Элдик кошун»

 «Сотторду тазалоо»

«Ала-Тоо Бишкек»

 «Элдик Сакчы» коомдук бирикмелеринин мүчөлөрүнүн атынан.

Эң көп окулган жаңылыктар