00:02
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президенттик шайлоо-2017. Шайлоочу эмнени билиши керек?

Президенттик орунга 50 жаран ат салышууда. Алгач 59 кыргызстандык талапкерлигин көрсөткөн. Анын 48и өз алдынча шайлоого катышкандар, 11ин партиялар сүрөп чыгышты. Шайлоого аттанган жети аял тең өзүн-өзү көрсөткөндөр. Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендер эми 31-авугстка чейин керектүү документтердин баарын тапшырып бүтүшү керек. 10-сентябрга чейин талапкерлер катталат. 

Биринчилерден болуп Темир Сариев катталды. Андан кийин Өмүрбек Бабанов жана кечээ отставкага кеткен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков талапкерлик күбөлүгүн алды. 

2017-жылдын 15-октябрындагы шайлоодо жарандардын биометриялык маалыматтары колдонулат.

«24.kg» агентиги шайлоочулар үчүн керектүү болгон маалыматтарды топтоду.

1

Биометриялык маалымат деген эмне жана ал эмне үчүн керек?

Биометриялык маалымат — бул жарандын физиологиялык маалыматтарынын өлчөмү. Алар уникалдуу болгондуктан, аны адамдын өздүгүн тактоо үчүн колдонушат.

2

Кыргызстан качантан баштап расмий түрдө биометириялык маалыматтар менен добуш берүүгө өттү?

Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын январь айында «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо» жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Анда биометриялык маалыматтардын негизинде инновациялык технологияларды колдонуу, шайлоочулардын электрондук тизмесин жана автоматтык түрдө эсептегич урналары түзүү каралган. Негизинен 2015-жылкы Жогорку Кеңешке шайлоо дагы биометриялык маалыматтар менен өткөн.

3

Мен добуш берейин дейм, бирок, биометриялык маалыматтарымды тапшырган эмесмин?

Эскерте кетсек, биометриялык маалыматтарды Кыргызстандын 16 жашка толгон жарандарынын баардыгы паспорт алып жатып тапшырышы шарт. Эгер, сиз дагы эле тапшыра элек болсоңуз, анда катталган дарегиңизге карабай, биометриялык маалыматтарды кабыл алган жакынкы бөлүмдөргө кайрыла аласыз.

4

Мен биометрияны тапшырдым, шайлоодо добуш бере аламбы?

Шайлоочулардын тизмесинен аты-жөнүңүздү текшеришиңиз керек. Мамлекеттик каттоо кызматы референдумга карата түзгөн тизмесине 2 миллион 813 миң шайлоочу кирген. Ал эми 2016-жылдын 11-декабрында өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоого 2 миллион 319 миң шайлоочунун тизмеси түзүлгөн. Жалпы республика боюнча добуш берүүгө укуктуу жарандардын тизмесин shailoo.srs.kg интернет баракчасынан тактаса болот.


5

Шайлоочулардын тизмеси менен качан таанышып, аты-жөнүң тактаса болот?

Шайлоочулардын акыркы тизмеси добуш берүү күнүнө 60 күн калганда (16-августта) пайда болот. Ошондон тарта интернет баракча аркылуу таанышууга болот.


6

Тизмеден өзүн таппаган, же аты-жөнүндө ката кеткен жаран качан шайлоо тилкелерине арыз менен кайрыла алат?

Биометриялык каттоодон өткөн жарандардан шайлоочулардын тизмеси боюнча арызы добуш берүү күнүнө 15 күн калганга чейин кабыл алына берет. Бул жолу 30-сентябрга чейин кабыл алынышы керек.

7

Эгер мен өзүм жашаган жерден добуш бергим келсе, анда арыз берүү үчүн кандай документтер керек?

Арызга ID-картанын көчүрмөсүн, ал жок болгондо жалпы жарандык паспорттун, же кызматтын, же дипломатиялык паспорттун көчүрмөсүн тиркөө керек. Кыргызстандын 1994-жылкы паспорту жарабайт.
Бул кагаздардын баардыгы дароо Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлүп, дареги көрсөтүлгөн аймактагы шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

8

Шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын тизмеси качан илинет?

Шайлоочулардын тизмеси алдын-ала тактоо үчун добуш берүүгө 20 күн калганда, же 24-сентябрда илинет.

9

Добуш берүү күнү. Мен шайлоо тилкесине келдим, андан ары кимге кайрылуу керек?

Алгач өздүгүн тактоо үчүн бармак изин алышат. Андан ары, шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү добуш берүү кагазын берет. Аны менен атайын жайга өтүп, добуш бересиз. Эгер биринчи жолу өздүгүн тактоодо жабдуу иштебей калган болсо, экинчи жолкуда гана өтө алсаңыз, анда эки добуш берүү кагазына ээ болосуз.


10

Мен биометриялык маалыматтарымды тапшырганмын. Бирок, ага карабай аппараттан аты-жөнүм чыккан жок?

Биометрияны аныктоо үчүн бармак баш колдонулат. Эгер ал жарабаса, башка бармактарды да колдонууга болот. Эгер, өздүк маалыматтарыңыз чыкпаса, добуш бере албайсыз. Бирок, сиз шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнө кайрылып, аты-жөнүңүздү айтып, добуш бере албагандыгыңыз боюнча маалыматты жаздырып коюңуз. Ошондо гана сиздин ордуңузга башка бирөө шайлоого катыша албайт. Сиз мыйзамга каршы кадамдардын алдын аласыз.


11

Добуш берүү учурунда эмнеге тыюу салынат?

Добуш берүү кагазын сүрөткө тартууга болбойт. Эгер сиз сүрөткө тартсаңыз, ага 100 эсептик көрсөткүч менен айып пул төлөйсүз (10 миң сом). Мында сиз добуш берүү укугунан ажырайсыз.
Добуш берүү кагазына нөл, гүл, жылдыз түрүндө жана башка белгилерди коюуга болбойт. Карандаш, фломастер менен эмес, бир гана ручка менен белгилейсиз. Болбосо бюллютень жараксыз деп табылат.
Бюллютенге сүрөт тартууга, же кандайдыр бир белгилерди калтырууга да тыюу салынат.


Шайлоого катышуу -бул жарандык милдет. Эгер бир да талапкер купулуңузга толбосо, шайлоого келип, баарына каршы добуш берүү укугуңуз бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума