03:38
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн курамынын ишмердигине ыраазычылык билдирди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-августта өкмөт мүчөлөрү менен жолукту. 

«Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы менин талапкерлигимди президентикке көрсөткөн. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссия мени расмий түрдө каттады. Андыктан, бүгүндөн баштап, менин ишмердигим шайлоо менен байланыштырып карала баштайт. Мен үчүн шайлоонун таза, калыс өтүшү маанилүү. Саясатчылар дагы мени административдик ресурсту колдонуп жатат деп айыптабастыгы үчүн 22-августтан тарта кызматтан кетип жатам», — деди Сооронбай Жээнбеков.

«Бүгүнкү окуялар мен үчүн абдан маанилүү. Өткөн жылы апрель айында президент менен Жогорку Кеңеш бизге ишеним көрсөткөн. Биз «Ишеним жана биримдик» программасын чогуу ишке ашырдык. Мамлекеттин кызыкчылыгы жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн талыкпай, эс албай, майрам күндөрү дагы иш алып бардык. Биз саясатка аралашпай, экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүгө, экономиканы жана чарбаны өнүктүрүүгө аракет кылдык.

Бул арада президент жана парламент менен тил табышып, анын жыйынтыгында ишибизде алгылыктуу жыйынтыктарга жете алдык», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар