06:16
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Салянова Абдил Сегизбаев жана Индира Жолдубаеваны сотко чакырууну талап кылды

Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш ишин кароо уланууда. Бүгүн анын жактоочусу Чынара Жакупбекова сотко УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди жана УКМКнын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Токтокан Мусакановду чакырууну талап кылды. 

Жактоочунун билдирдүүсүндө, Токтокан Мусакановдун Алексей Елисеевдин колунун аныктыгын тактоо тапшырмасын берген. 

«Булар эмнеге ишке кийгилишет. Келип түшүндүрүп берсин» - деди Аида Салянова.

Мамлекеттик айыптоонун УКМК төрагасын күбө катары чакырууга каршы чыгып, анын ишке тиешеси жоктугун билдиришти. Сот Аида Салянованын жактоочусунун Абдил Сегизбаевди, андан кийин Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны чакыруу сунушун дагы четке какты.

Жыйын түштөн кийин уланат. 

Эң көп окулган жаңылыктар