Эл аралык издөө жарыяланган кылмышкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымдайт.
Алардын маалыматында, Х.М. аттуу жаран 9-августта кармалган. Ал жарандарды экстремисттик топко кошулууга үндөгөндүгү жана башка кылмыштары үчүн издөөгө алынган.
Кыргызстанды аймагында ал жаштар менен иштеп, радикалдуу ойлорду таркатканга аракет кылган.