11:00
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өмүрбек Текебаев: Тирүүлөрдү жалган айтырып, өлгөндү күбө кылып жатасыңар

«Тирүүлөрдү жалган айтырып, өлгөндү күбө кылып жатасыңар» — деп билдирди бүгүн Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев.

Өмүрбек Текебаев россиялык ишкер Леонид Маевский менен (тергөөнүн билдирүүсүндө, Текебаев так ушул Маевскийден «Альфа телеком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган) Москвадагы жолугушуусу кандай өткөндүгүн далилдөөчү күбөлөрдү атады. Анын айтымында, дене сакчысы Нурбек Абдырахманов жана партиялашы Эркин Алымбеков сөзүн ырастай алат.

«Силер дагы көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримовду күбө катары көрсөтүп жатасыңар го. Мен да айтам, маркум Эркин Алымбеков менин сөздөрүмдү ырастай алат. Анткени, ал жанымда болгон» — деди Өмүрбек Текебаев.

Сотто жарыш сөз уланууда. Айыпталуучу кечээ саат 15.00дөн баштап сүйлөп жатат. Андан кийин жактоочуларына сөз берилет. Өкүм алдында айыпталуучулардын пикири акыркы жолу угулат. 

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Экөөн тең УКМКнын абагында кармалууда. Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби