12:41
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Россияда иштөө үчүн аты-жөнүн өзгөрткөн кыргызстандык соттолот

Россияда иштөө үчүн аты-жөнүн өзгөрткөн кыргызстандык соттолот. Бул тууралуу SMINEWS билдирет.

34-жаштагы Кыргызстандын жараны Россиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгүнө айыпталууда.

Тергөөнүн билдирүүсүндө, 2014-жылы Петропавловск-Камчаткада номуру жок унааны документсиз айдаган. Сот аны өлкөдөн чыгарып, 2017-жылдын май айына чейин кайра кирүүсүнө тыюу салган.

Ал 2016-жылдын ноябрь айында кайра келген. Новосибирск шаарында чек ара кызматы аба майдандан кармап, кайра артка жөнөткөн.

Бир ай өтпөй ал аты-жөнүн өзгөртүп Москвага келип, кийин Камчаткага жеткен. Полиция кызматкерлери текшерүү учурунда бармак изинен анын өздүгүн такташкан.

Эң көп окулган жаңылыктар