23:06
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Россия Кыргызстандан барган 1,9 тонна кулпунай менен малинаны киргизбей койду

Россия Кыргызстандан барган 1,9 тонна кулпунай менен малинаны киргизбей койду. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.

Маалыматка караганда Кыргызстандан жүк Россиянын Омкс облусуна барган. Өткөрүү пунктундагы текшерүү учурунда жүк ээсинин тийиштүү кагаздары, экспортер катары кенен маалыматы, товарда атайын маркировкасы жоктугу аныкталган.

Россиянын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жүк ташуучу айып пул төлөдү. Кулпунай менен малина толугу менен кайра Кыргызстанга жөнөтүлдү. 

Эң көп окулган жаңылыктар