07:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Текебаевдин соту. Дүйшөнкул Чотонов айыптоолорду четке какты

«Ата-Мекен» партиясынын лидер Өмүрбек Текебаев менен мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго каршы козголгон кылмыш иши боюнча сотто айыпталуучуларды суроо улантылууда.

Бүгүн сотто Дүйшөнкул Чотонов көрсөтмө берди. Ал Талант Маматкеримов менен айылдаш экендигин бирок аны менен MеgaCom компаниясы боюнча сүйлөшпөгөндүгүн билдирди.

Мурдакы министр Леонид Маевский менен жолугушкан күндөрдү да жокко чыгарды.

«2010-жылдын 10-майында түштүктө болчубуз. Андыктан Маевский, Модин менен эч жолугуша алмак эмесмин» — деди.

Айыпталуучу 2010-жылы ал Маевский менен телефон аркылуу дагы сүйлөшпөгөндүгү ырасталгандыгын маалымдады.

«Мен 2010-жылы сатып алган телефонду колдоном. MеgaCom компаниясы Маевский менен байланышпаганымды ырастап берди. Эми россиялык операторлордун жообу күтүлүүдө», — деди ал.

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Экөөн тең УКМКнын абагында кармалууда.

Өмүрбек Текебаев президенттикке ат салышууда. Анын мамлекеттик тилден сынакты кантип тапшырары дагы эле чечиле элек. 

 
Эң көп окулган жаңылыктар