16:58
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өмүрбек Бабанов дагы үч медиага даттанып БШКга кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясына президентикке талапкер Өмүрбек Бабановдон арыз келип түштү.

«Республика» партиясынын лидеринин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков «Argument.kg» жана «Gezitter.org» басылмаларына даттанат.  Argument.kg маалымат булагы Өмүрбек Бабанов талапкерлерден кыргыз тилинен сынак алган эксперттик топтун мүчөлөрүн жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрүн акчага сатып алгандыгын жазып чыккан. Gezitter.org аны орусча которуп, жарыялаган. 

Ал эми Chagylgan.kg басылмасында Өмүрбек Бабановдун шайлоо компаниясы Түркиядаг террористтик деп табылган уюм тарабынан каржыланып жаткандыгы жөнүндө маалымат басылган. Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү бул жалпыга маалымдоо каражаттарын шайлоо жараянынан чыгарып, жоопкерчилигин кароону суранат. 

Өмүрбек Бабанов буга чейин дагы эки жалпыга маалымдоо каражатына даттанган. 

Эң көп окулган жаңылыктар