13:01
+27
USD 68.71
EUR 80.62
RUB 1.16
Кыргызча

Өкмөт. Жарым жылдын жыйынтыгы так далил жана анык сандар менен

Ɵкмɵттүн «Ишеним жана биримдик» Программасы 90 %га аткарылды: 2017-жылдын биринчи жарымында экономиканын ɵсүшү байкалууда

2017-жылдын биринчи жарымында КР Ɵкмɵтү ɵз ишинде оң динамиканы кɵрсөтүүдɵ. Мындай тенденция 2016-жылы башталып, бул Ɵкмɵттүн ɵткɵн жылдагы ишмердигинин отчетунда да белгиленген. Белгилей кетчү нерсе, отчет буга чейинкилерден айырмаланып Статкомитеттин кɵрсɵткүчтɵрүнүн негизинде эмес, ишенимдүү чет элдик маалымат булактарындагы кɵрсɵткүчтɵргɵ таянып даярдалды.
КР Ɵкмɵтүнүн башчысы С. Жээнбековдун айтымында, ɵткɵн жылы жалпыланган программалардын ишке ашырылуусу 78,1 %ды түзсɵ, «Ишеним жана биримдик» программас ы 90 %га аткарылды. Ɵлкɵнүн экономикасынын ɵсүшү бардык секторлордо орун алды. ИДП кɵлɵмү 458 млрд. сомду түзсɵ, ɵсүш темпи — 103,8 %га жетти. Бул маалыматтар ɵлкɵбүз туруктуу ɵнүгүү жолдо бараткандыгын, ɵкмɵт бул багыттагы иштерди туура жолго сала алганын айгинелейт. Кошумчалай кетсек, ɵкмɵт отчетту берип жатканда, ЖК депутаттары тарабынан ɵкмɵткɵ, же анын жетекчисине кандайдыр кескин сындар айтылып, нааразылыктар болгон жок.
Ɵкмɵт башчы С. Жээнбековдун натыйжалуу иштеп жатканын эл аралык кɵрсɵткүчтɵр да ырастабай койбойт. Бул жагынан ɵкмɵттүн жетекчиси ЕАЭБ ɵлкɵлɵрүндɵ лидерлик позицияны ээлесе, Кыргызстан ɵткɵн жылы ЕАЭБге мүчɵ ɵлкɵлɵрдүн ичинде эң жакшы натыйжаларга жетишкен мамлекет болуп калды.

Коомчулук менен байланышуу
Эл, коомчулук менен байланышуунун жакшы жолго салынганын келип түшкɵн кайрылуулар менен алар боюнча берилген тепшырмалар, милдеттемелер ырастайт. Алсак, 2017-жылдын 1-жарымында КР ɵкмɵтүнүн аппаратына жарандардан 2 436 жазуу, 567 оозеки түрдɵгү кайрылуулар келип түшкɵн. Натыйжада алардын 68и боюнча оң чечим кабыл алынса, 389 кайрылууга түшүндүрмɵ берилип, 43 кайрылуу кароодон баш тартылса, 1412 кайрылуу кɵзɵмɵлгɵ алынган.
Ал эми 2017-жылдын биринчи жарымында КР ɵкмɵт башчысынын коомдук кабылдамасына 279 адам кайрылган. 14 адам ɵкмɵттүн жетекчилигинин кабыл алуусунда болушкан. Ɵкмɵт башчысы 5 адамды, вице-премьер-министр 5 адамды, ɵкмɵттүн аппарат жетекчиси 4 адамды кабыл алып, алардын арыз-даттанууларын угушкан. Ɵкмɵттүн аппаратынын ɵкүлдɵрү тарабынан 232 жаран кабыл алынган. Мында айрым маселер кайрылган жарандар менен сүйлɵшүү учурунда чечилсе, калгандары боюнча тапшырмалар, сунуштар берилген.
Ɵкмɵт келип түшкɵн кайрылууларды, арыз-даттанууларды негизинен 8 топко бɵлүп караган. Атап айтканда, пенсия, жеңилдиктер, жɵлɵк пулдар, материалдык жардам кɵрсɵтүүлɵр боюнча — 289 (11,86 %), турак-жай маселеси — 215 (8,83 %), экология, дыйкан жана фермердик чарбалар — 147 (6,03 %), эмгекке орноштуруу, эмгектик талаштар жана маяна маселелери — 112 (4,59 %), курулуш жана архитектура маселелери — 106 (4,35 %), укук коргоо органдарына тиешелүү маселелер — 96 (3,94 %), саламаттыкты сактоо маселеси боюнча 88 (3,61 %).

Кɵптɵгɵн кыргызстандыктар Сооронбай Жээнбеков ɵкмɵт башчысы катары алгач ишин баштагандан тартып, ɵзүнүн ишмердигин оң жагынан кɵрсɵтүп, бул кызматка кокустан келбегенин далилдеп жатканын айтып келишүүдɵ. Ошондой эле жарандар анын аткарылбаган убадаларды айтпастыгын, ооз кɵптүрүп сүйлɵбɵстүгүн жана популисттик кадамдардан, ɵзүн мактатып, жактатуу аракеттеринен алыстыгын белгилешет.

Жериндеги иштер

2016-жылдын апрелинен 2017-жылдын июнуна чейин ɵкмɵт башчысы Сооронбай Жээнбеков жалпы болуп ɵлкɵнүн облустарында 33 ирет иш сапарлар менен болду. Ал иш сапарлардын жүрүшүндɵ тиешелүү органдарга 215 тапшырмалар берилип, учурга карата алардын 108и толугу менен аткарылса, 107 маселе аткарылуу алдында турат.
Ɵкмɵттүн жетекчиси аймактарды кыдырган учурларда негизинен стратегиялык магистралдарды жана ички жолдорду ремонттоо, курулуп бүтɵ элек объекттерди аягына чыгаруу жана жаңыларын куруу, ирригацияны ɵнүктүрүү, айылдарга таза суу жеткирүү, табигый кырсыктарды алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу, аймактардын инфраструктурасын ɵнүктүрүү сыяктуу маселелерге ɵзгɵчɵ кɵңүл бурду.
Ошондой эле бизнести жүргүзүүгɵ ыңгайлуу шарттарды түзүү менен экспорттук потенциалды жогорулатуу да башкы маселелердин биринен болду. Ошол себептен ар бир аймакта болгон учурда жергиликтүү кичи жана орто бизнестин ɵкүлдɵрү менен баарлашып, алардын маселелерин ɵз ооздорунан угуп жатты. Ишкерлерди кыйнап, түйшɵлтүп келаткан кɵп маселелер талкууланды. Алар тарабынан коюлган маселелер боюнча жергиликтүү бийлик башчыларына ыкчам түрдɵ тиешелүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылуусун ɵз кɵзɵмɵлүнɵ алып жатты.

Экономика маселеси

КР Ɵкмɵтүнүн 2017-жылдын 1-жарым жылдыгындагы ишинин негизги натыйжасы ɵлкɵнүн социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн оң тенденциясын сактоо болуп калды. Муну ɵкмɵт башчысы Сооронбай Жээнбеков ɵкмɵттүн 28-июлдагы жыйынында ɵзү да белгилеген. «2017-жылдын январь-июнь айларына карата экономикабыздын бардык секторлорунда бардык кɵрсɵткүчтɵр жакшы болду», — деген ал сɵз сɵзүндɵ.
Бул айтылганды экономикалык кɵрсɵткүчтɵр да ырастайт. Мисалы, 2017-жылдын башынан бери ИДПнын кɵлɵмү 193,9 млрд. сомду түзүп, реалдуу ɵсүш темпи 106,4 %ды түздү. Ал эми ɵткɵн жылдын бул мезгилиндеги кɵрсɵткүч болгону 96,6 %ды түзгɵн болчу. «Кумтɵрдү» эске албаганда, ИДПнын реалдуу ɵсүш темпи 103,1 %га жетсе, ɵткɵн жылы бул кɵрсɵткүч 101 %дан ашкан эмес. Экономикалык ɵсүш негизинен айыл-чарбасы (1,2 % ɵсүш), курулуш (4,8 %), ɵнɵр-жай (31,3 %) тармактарында болгон. Ал эми кызмат кɵрсɵтүү тармагындагы ɵсүш темпи 100 %га жеткен.
Экономиканын ɵсүүсүнɵ жагымдуу тышкы факторлор да оң таасирин тийгизбей койгон жок. Сырттан түз акча которуулардын ɵлчɵмү 695 млн. АКШ долларын түздү, же 39,2 % кɵп болду. Ɵткɵн жылы бул кɵрсɵткүч 499 млн. АКШ долларын түзгɵн эле. Алтынга болгон баанын 1,2 %га кɵтɵрүлүүсү да ɵзүнүн оң таасирин тийгизди. Мындан сырткары, соода ɵнɵктɵш ɵлкɵлɵрдɵгү инфляциянын деңгээлинин ɵсүүсү, бул ɵлкɵдɵгү экономикалык ɵсүштүн калыбына келтирилүүсү жана дүйнɵдɵгү ири азык-түлүк рынокторунун ички рыноктогу бааларга таасиринин болбогондугу да Кыргызстандагы экономикалык ɵсүштүн туруктуулугун камсыз кылууга ɵбɵлгɵ болду.
Ɵкмɵт тарабынан экономиканын ɵсүүсү үчүн ички факторлорду жакшыртуу жаатында да кɵп иштер аткарылды. Атап айта турга болсок, ишкерлерди текшерүүчү органдардын, лицензиялардын саны азайтылды. Фермерлерге жеңилдетилген кредиттер берилди (2017-жылдын 6-июлуна карата фермердик жана дыйкан чарбаларына жалпы баасы 3455,9 млн. сомдук 8284 кредит берилди), керектɵɵ кредиттерин берүү ɵстү, АКШ долларына жана ЕАЭБдеги ɵлкɵлɵрдүн валюталарына карата улуттук валютанын баасы бекемделди, экономикага берилген кредиттердин суммасы 9,1 %га ɵстү. 2017-жылдын 1-жарымында түз инвестициялардын келүүсү 35,3 %га жогорулады.

Бизнести колдоо жана товар жүгүртүү

Экспортко багытталган ишканалар КР Ɵкмɵтүнүн кɵз жаздымынан сыртта калган жок. Ɵкмɵт тарабынан аларга колдоо кɵрсɵтүү, жакшы шарттарды түзүү жаатында иш-аракеттер жасалууда. Анын жыйынтыгы катары 2017-жылдын 1-жарымында экспорттун кɵлɵмү импорттун кɵлɵмүнɵн ашып түшкɵнүн белгилеп кетсек болот. Бул Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болуп жатат. Сандар менен айта турган болсок, товарлардын экспорту 2017-жылдын 1-жарымында ɵткɵн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 30 %га ɵсүп, 657,7 млн. АКШ долларын түздү. Импорт 2017-жылдын 1-жарымында 1614,6 млн. АКШ долларына жетип, 10,9 %га ɵскɵн.
Сооронбай Жээнбеков белгилеп ɵткɵндɵй, ɵкмɵт ɵлкɵнүн бардык аймактарында инвестициялык программаларды иштеп чыгуу тапшырмасын койгон. Аймактык саясаттын концепциясына ылайык, бул башкы приоритеттүү маселелерден болмокчу. Мында ɵзгɵчɵ мамлекеттик органдар тарабынан инвесторлорго тоскоолдуктардын жаратылуусуна кескин түрдɵ бɵгɵт коюлушу абзел. «Андайга жол бербешибиз керек. Ар бир мамлекеттик органдын жетекчилиги персоналдуу түрдɵ жоопкерчиликте болот. Биринчи жарым жылдыктагы жакшы натыйжалар биргелешип иш алып баруунун жыйынтыгы болду. Эми экономикадагы ɵсүш динамикасынын темпин сактоо зарыл», — деди ɵкмɵт башчысы.

Салыктар

Ɵкмɵт салыктык жыйнамдардын кɵлɵмүн кɵбɵйтүүнүн үстүндɵ иш алып барып жатканын Сооронбай Жээнбеков бир канча жолу билдирди. Ушул жылдын аягына дейре салыктык жыйнамдарды 10 млрд. сомго жеткирүү пландалууда. Учурга карата бул кɵрсɵткүч 4,5 млрд. сомду түзүүдɵ. Салыктык кирешелердин бюджеттеги орду чоң экенин эстен чыгарбасак. Анткени, дал ушул салыктык жыйнамдардын эсебинен мамлекеттеги социалдык программалар ишке ашырылып, элдин жашоо-шарты жакшыртылып келет. Маяналарды, пенсия, жɵлɵк пул ж.б. тɵлɵмдɵрдүн ɵлчɵмүн кɵбɵйтүү кɵптɵн кɵп салыктык жыйнамдардан кɵз каранды.

Ɵкмөткө жардам берүүдɵгү Улуттук Банктын аракети
Улуттук валютанын баасын туруктуу деңгээлде кармап турууда ɵлкɵнүн Улуттук Банкы ɵкмɵткɵ ɵз колдоосун кɵрсɵтүп келүүдɵ. 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында доллардын кескин кымбаттап кетүүсүнɵ жол бербɵɵ максатында Улуттук Банк тарабынан чаралар кɵрүлүп, валюталык интервенциялар жүргүзүлдү. Коммерциялык банктардын ɵз алдыларынча доллардын баасын жогорулатуусуна каршы чаралар кɵрүлдү. Натыйжада 1-кварталдын жыйынтыгы менен сомдун долларга карата туруктуулугу сакталды.
Улуттук Банктын берген маалыматына ишенсек, 2017-жылдын башынан тартып акча базасы 8,0 %га ɵсүп, июндун аягына карай 92,4 млрд. сомду (2016-жылдын июнунда 13,2 %ды түзгɵн) түздү. Жүгүртүүдɵгү акчанын кɵлɵмү ушул жылдын июнь айынын аягына карата 82,9 млрд. сомду түзүп, жыл башынан бери 10,8 %га ɵстү (2016-жылдын июнунда ɵсүш 12,9 %ды түзгɵн).
2017-жылдын 30-июнуна карата АКШ долларынын сомго болгон расмий курсу 2017-жылдын январына карата 0,1 %га тɵмɵндɵп, 69, 2301 сомдон 69,1367 сомго чейин жетти. Доллардын кескин кымбаттоосуна жол бербɵɵ үчүн Улуттук Банкт тарабынан долларды сатуу жана сатып алуу түрүндɵ интервенция жүргүзүлдү. Мунун натыйжасында накталай сатылган доллардын ɵлчɵмү 1,5 млн. АКШ долларын түздү.

Айылдык товар ɵндүрүүчүлɵргɵ каржылык колдоо

Кыргызстан ЕАЭБдлин курамына киргендиктен, кыргыз ɵкмɵтү айылдык товар ɵндүрүүчүлɵрдү колдоого алууга ɵзгɵчɵ кɵңүл бурууда. «Айыл-чарбаны каржылоо — 5» долбоорунун алкагында, коммерциялык банктар тарабынан жалпы 3455,9 млн. сомдук кредит 8284 чарба субъектилерине берилди. Алардын 3437,7 млн. сому (8136 чарба субъектиси) күрɵɵсүз берилсе, 18,2 млн. сом 148 чарба субъектиси) күрɵɵ коюулар аркылуу берилди.
Баарынан кɵп ɵсүмдүктɵрдү ɵстүрүү тармагына берилди. Бул тармакка — 647,0 млн. сом берилсе, мал чарбачылыгына — 2260,9 млн. сом, агро кайра иштетүү тармагына — 547,9 млн. сом. Банктар тарабынан жалпы 8284 кредит берилди. Алардын ичинде ɵсүмдүк ɵстүрүүгɵ - 1963 (23,7 %), мал чарбачылыгына — 6173 (74,5 %), кайра иштетүүгɵ - 148 (1,8 %).

Энергетика
Экспортко багытталган энергетиканы ɵнүктүрүү максатында «CASA-1000» долбоору ишке ашырылууда. Анын негизинде 500 кВ кубаттуулуктагы «Датка-Хожент» электр берүү линияларын куруу каралган. Бул жайкы мезгилде коромжу болуп жаткан (1300 МВт) электр энергияны үнɵмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет. Аталган электр берүү линиялары аркылуу Түштүк Азияга — Афганистан менен Пакистага электр энергияларын экспорттоого жол ачылат. Учурда 500 кВ кубаттуулуктагы электр берүү линияларын жана 500 кВ «Датка» чордонун куруу боюнча генподрядчикти аныктоо үчүн тендердик процедуралар жүргүзүлүп жатат.

Мындан сырткары, 2017-жылдын 10-июлунда КР Президенти менен чехиялык «Liglass 25 Trading CZ, SRO» компаниясынын ортосунда Акбулуң ГЭСи менен Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадын куруу боюнча макулдашууга кол коюлду.
Ошондой эле КР Ɵкмɵтү ɵлкɵнүн энергетикалык кɵз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн электр берүү линияларынын кубаттуулуктарын жогорулатуу, модернизациялоо, жаңы жогорку чыңалуудагы линияларды жана чордондорду куруу, электр энергиянын эсебин алууга автоматташтырылган системаларды киргизүүгɵ ɵзгɵчɵ кɵңүл бурууда.
Бул максатта кыска мɵɵнɵттүү жана узак мɵɵнɵттүү иш-чаралардын Планы кабыл алынган.

Жол инфраструктурасы

2017-жылдын 1-жарымы менен жол тармагын каржылоонун ɵлчɵмү 1802,6 млн. сомду түздү, бул 2017-жылы каралган каржынын 40 %ы дегенди билдирет. Учурда 5 долбоор ишке ашырылууда. Атап айтканда, Тараз-Талас-Суусамыр, 3-Фаза, Борбордук Азияга чыгуучу жол түйүндɵрүн жакшыртуу долбоору, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу, бул 2 фазага бɵлүнгɵн (1-фаза, Кызыл-Жылдыз — Арал айылдарынын участогу (183-195 км), Казарман айылы — Жалал-Абад шаары, 2-фаза боюнча Арал — Казарман айылдары), Бишкек — Ош авто жолун оңдоп-түзɵɵ, 4 фаза, Бишкек — Кара-Балта участогу.
Жогорудан кɵрүнүп тургандай, КР Ɵкмɵтү ɵткɵн жылы камсыз кылынган экономикалык ɵсүштү бул жылы да сактап, дагы да ɵсүш динамикасын камсыз кылуу үчүн аракеттерди кɵрүүдɵ.

Эң көп окулган жаңылыктар