17:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тилден сынакты ийгиликтүү тапшырды

КСДП партиясынан президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков 4 -август күнү мамлекеттик тилден сынакты ийгиликтүү тапшырды.

Ал кыргыз тилин мыкты билерин көрсөтүп, тесттин жыйынтыгында 100 баллдан 94,6 балл алды.

КСДПнын талапкери «Кыргызтесттин» Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бекиткен талаптарын баарын аткарды. Биринчи этабында жобого ылайык Сооронбай Жээнбеков катталып, өздүк номурун алып, тестти өтүү эрежеси менен таанышты. Андан кийин тесттин суроолоруна жооп берип, кыргыз тилинде оозеки тапшырмаларды аткарды.

Жыйынтыгы боюнча Сооронбай Жээнбековго күбөлук тапшырылды.

Сооронбай Жээнбековдун журналисттерге билдирүүсүндө, ал үчүн кыргыз адабиятынан, айрыкча Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына байланыштуу суроолор кызыктуу болду.

«Талапка ылайык «Кыргызстесттен» сынакты тапшырдым. Ал төрт бөлүктөн турду. Ар бир бөлүгү өзүнчө кызыктуу болду десем болот. Адабият бөлүгүндө Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» повести туш келди. Мен биздин залкар жазуучубузду эстеп, аны менен парламенттин биринчи чакырылышында чогуу депутат болуп олтурган күндөрдү дагы сыймыктануу менен көз алдымдан өткөрдүм. Ал уулу адам өзүнүн чыгармалары менен кыргыз элин гана эмес, бүт адамзатын тарбиялады», — деп, премьер-министр эскерүүлөрү менен бөлүштү.

«Мындай сынактарды студент кезде тапшырган. Кийин мындан олуттуу сынактарды өтүп, турмуштун кыйынчылыктарын жеңип чыктым. Анткен менен ар бир сыноого жооптуу мамиле кылам. Бул жолу дагы тестке дыкат даярдандым. Эне-тилим болгондуктан, тестти өтүү кыйын болгон жок», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы кыргыз тилин мыкты билеши керектигине токтолду. Анткени, президенттин башкы тапшырмаларынын бири — тил саясатын жакшыртып, маданий-тарыхый мурасты көбөйтүү менен улуттук өздүгүн сактоо менен мамлекеттүүлүктүн кепилдигин камсыз кылат.

Сооронбай Жээнбеков өсүп келе жаткан муунду эне-тилин сүйүүгө чакырып, мекенчил сезимдер эненин сүтү жана тили менен дилине сиңерин белгилеп өттү.

Премьер-министр журналисттин орус тилинин макамы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, расмий тилдин макамын сактап калуу керектигин айтты.

«Орус тилдин макамы Конституцияда бекитилген. Ал бизде достуктун жана БУУнун тилдеринин бири. Мен өзүм орус мектепте окуганмын. Ал мага көпчүлүк кыргыздар менен бирге илими, билим, адабият жана искуства дүйнөсүнө жол ачты. Тил билүү, анын ичинде орус тили — адамдын өнүүгүсү карай кыска жол», — деди талапкер.

Белгилей кетсек, Шайлоо кодексине ылайык ат салышкан талапкерлер добуш берүү күнүнө 45 күн калганга чейин кыргыз тилинен сынактын күбөлүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума