20:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ата-энеси турмушка чык деп кыйнаган кыз психикалык оорууканага кайрылган

Ата-энесинен качып кеткен кыргызстандык кыз Москвага барып психикалык оорууканага жатып алган. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирет.

Маалыматта 2-августта К. Абдыкадыров аттуу жаран элчиликке анын Н.А. Алексеев атындагы № 1 Психикалык оорууканасынан кызын чыгарууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ата кызынын оорууканага өз эрки менен жаткандыгын маалымдаган.

Ооруукананын даарыгери К.А. аттуу кыз 29-июль күнү оорууканага кайрылганын жана ал психикалык жардамга муктаж болуп турганын айткан.

Кыз өзү алты айдан бери апасы белгисиз бирөөгө турмушка чыгууга көндүрүү аракетинен тажап, Россияга кетип калганын айтат.

Кыз оорууканадан чыгарылып, ата-энесинин колуна өткөрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума