19:23
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Садыр Жапаров: Кылмыш үчүн эмес, эл байлыгын коргоого алгандыгым үчүн соттошууда

«Кылмыш кылганым үчүн эмес, эл байлыгын коргоого алгандыгым үчүн темир тор артында олтурам» — деп бүгүн Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаров Биринчи май райондук сотундагы акыркы сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, ал Каркыра, Мегаком, Кумтөр, чек аралардын өлкөнүн пайдасына чечилишин, соттордун көз-карандысыздыгын камсыз кылууну талап кылып келгендиктен куугунтуктоого алынууда.

«2010-жылы Кумтөр маселесин карап чыгып, жылына 1 миллиард долларлык алтынды чыгарып кетишип жаткандыгын аныктадым. Экология зыян келтирип, жемкорлукту күчөтүп жаткан. Бул боюнча былтыры референдум алдында Алмазбек Атамбаев дагы билдирген» — деди Садыр Жапаров.

Анын билдирүүсүндө, Кумтөр маселесин көтөрө баштагандан кийин мурдакы депутатка карата куугунтуктоолор күчөйт.

«Киев-74 дарегиндеги имаратты Максим Бакиевге тиешелүү деп, аны мен мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгымды айтып чыгышты. Депутаттык комиссия имараттын Бакиевге тиешеси жоктугун жана ал таза жол менен сатылып алынгандыгын далилдеди» — деп билдирди айыпталуучу.

Садыр Жапаров ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча бир да күбө каршы көрсөтмө бере албагандыгын белгилеп өттү.

«Кенжебек Жумабаев 2013-жылдын май айында Садыр Жапаров бизди топтоп, Ысык-Көлдө митингди талкуулаган деп жатат. Мен 2013-жылдын 17-июнуна чейин УКМКда абакта олтурганмын. Анан кантип митинг уюштурам» — деди ал.

Мурдакы депутат саясый ишмердигинде буга чейин бир да жолу жакындарынын коопсуздугун ойлоп койбогондугун, абийири таза экендигин жана ал соттолуп кетсе эле кыргыз саясатчыларынын аягы үзүлүп калбастыгын айтты.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу митингти уюштуруп, Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну буйруган деп айыпталууда.

Прокурор соттон мурдакы депутатты 15 жылга эркинен ажыратууну талап кылууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар