03:46
+23
USD 68.74
EUR 80.81
RUB 1.15
Кыргызча

Шайлоого талапкер болуп катталууга арыз жолдогондордун 11и соттолгон

Президенттик шайлоого талапкер болуп катталууга арыз жолдогондордун 11и соттолгон. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, бир талапкер эки жолу соттолгон. 

«Алдамчылык, баңги зат менен кармалып соттолгондор бар», — деди Нуржан Шайлдабекова.

Жалпысынан 59 киши арыз жолдогон. БШК аларды четтен каттоого ала баштайт.

БШКнын маалыматында, азырынча Темир Сариев гана баардык документтерин тапшырып бүттү. Ал кол топтоп, кыргыз тилин сынагынан өттү. 

Эң көп окулган жаңылыктар