10:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Ата Мекен»: Өмүрбек Текебаевдин тарапташтарынын бири дайынсыз жоголду

«Ата Мекен» партиясы активисти Нургазы Бакаевди издөөдө. Бул тууралуу «24.kg» агентигине саясый уюмдан билдиришти.

Алардын айтымында, Нургазы Бакаев Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду колдоо үчүн өткөн акциялардын баарына катышып келген. Кечээтен бери дайыны жок.

«Биз аны уурдап кетиштиби деп шексип турабыз», — деп билдиришти партиянын штабынан.

Белгилей кетсек, Нургазы Бакаев 2010-жылдагы мародерлук факты боюнча башкы күбө болгон Абдулла Юсупов менен абакта бир камерада олтурган.

Эскерте кетсек, партиянын мүчөсү Райкан Төлөгөнов учурда мародерлук айыбы менен камалган. Анын ишин биринчи май райондук соту карап жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар