19:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Улуу Британия соту Максим Бакиевдин иши боюнча башкы күбөнү алты айга камады

Улуу Британия соту Максим Бакиевдин иши боюнча башкы күбө- Израиль жараны Берти Синбетини алты айга камады. Соттун чечиминин көчүрмөсүн Facebook баракчасына Максим Бакиевдин жактоочусу Алексей Елисеев жарыялады.

Эскерте кетсек, Шон Дейли Лондон сотуна Максим Бакиев 2005-жылы анын өмүрүнө кол салгандыгына арызданган. Далил жоктугунан сот Максим Бакиевди актап чыккан. 

Кийин башкы күбө Бертни Синбети Максим Бакиев аны коркутканынан сотко келе албагандыгын далилдеген факт сотко сунушталган. 

Эскерте кетсек,  «Жерүй»  алтын кенинин лизенциясын алган ишкер Шон Дейлиге 2005-жылы кол салуу болгон. Ал даарыгерлердин жардамы менен аман калып, абалы жакшырганда өлкөдөн чыгып кеткен. 

Эң көп окулган жаңылыктар