19:11
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Текебаевдин соту. Леонид Маевский Кыргызстанга 2010-жылдын 22-августунда келген

Леонид Маевский Бишкекке 2010-жылдын августь айында учуп келгендиги белгилүү болду. Ал Кыргызстанда үч күн — 22-25-августа болгон.

Эскерте кетсек, буга чейин россиялык ишкер 2010-жылдын сентябрында Кыргызстанга келип, Текебаев жана Чотоновдон 1 миллион долларды кайтарууну талап кылгандыгын айткан.

Буга чейинки соттук отурумда «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Леонид Маевскийдин 2010-жылы Кыргызстанга кирип чыккандыгы тууралуу маалымат паспортунда жок экендигин аныкташкан.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, ал Маевский менен май, же сентябрь айларында эмес, августта жолугушкан. Анда уюлдук компания жөнүндө сөз болгон эмес.  «Ата-Мекен» партиясынын лидери Россиянын беделдүү саясатчылары жана аткаминерлери менен тааныштырууну суранган. 

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Экөөн тең УКМКнын абагында кармалууда. Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.

Өмүрбек Текебаев президенттикке ат салышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар