15:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өмүрбек Бабанов аны Остап Бендер менен салыштыруусуна таарынып, БШКга даттанды

Өмүрбек Бабановдун ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков Боршайкомго арыз менен кайрылды. «24.kg» агентигине белгилүү болгондой президентикке талапкер шайлоочулардын ассоциациясынын төрагасы Бакыт Керимбековдун New TV телеканалына берген маегине даттанат.

«Ал Өмүрбек Бабановду адабият жана кино каарманы Остап Бендер менен салыштырды. Белгилүү болгондой бул каарман шылуун жана жалганчынын образын көрсөтөт. Керимбеков Бабановду кыргыз Остап Бендери деп, экөөнүн аты-жөнүндөгү баш тамгалары дагы дал келерин айтты», — деп жазылат арызда.

Бабановдун шайлоо штабы New TV телеканалынын аккредитациясын кайтарып алууну талап кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар