03:19
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

БШК: Биз камакта олтурган талапкердин укугун коргой албайбыз

Борбордук шайлоо комиссиясы камакта олтурган талапкердин шайлоо укугун камсыз кыла албайт. Анткени ал боюнча мыйзамдарда көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу бүгүн БШКнын мүчөлөрү маалымат жыйында билдиришти.

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү болушунча так жана калыс болууга аракеттенип жатышканын маалымдашты.

«Талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп келе жатабыз. Бирок, биздин мыйзамдарга азаттыкта жүргөн талапкерлер боюнча гана айтылган. Абакта олтуруп, шайлоого ат салышкандар жөнүндө сөз жок. Андыктан, сот гана Текебаевди тест тапшырууга бошото алат», — деди БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев.

Эскерте кетсек, кечээ сот Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары бул боюнча сотко өтүнүч жолдошкон. Бирок, сот Текебаевге каршы козголгон кылмыш ишине гана байланыштуу өтүнүчтөрдү карай ала тургандыгын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар