Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди курмай болгон "Лигласс Трейдинг" ишканасын Кыргызстанга чех президенти сунуштаган. Бул тууралуу Чехиянын мамлекет башчысы Милош Земан 24-июлда чех радиосуна курган маегинде айткандыгын centralasian порталы маалымдайт.
Земан «Лигласс» трейдинг компаниясын Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге Астанадагы эксподо жолугушууда сунуш кылган. Милош Земандын сөзү боюнча, ал андай жолугушууда чех фирмаларын жарнамалоого аракеттенет. Президент фирма тууралуу кенен билбестигин жана аны Өнөр жай жана соода министрлиги сунуштаганын билдирди.
Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерде утуп алган.
Курулуш тууралуу келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.