22:38
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өкмөт Лигласстан ушул аптанын аягына чейин жооп күтөт

Liglass Trading ишканасы 18-октябрга чейин, демек ушул жума аягында 37 миллион долларды которушу керек. Бул тууралуу журналисттерге вице-премьер-министр Дуйшенбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, ишкана менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү «Электр станциялар» АККСы жана Улуттук энергохолдинг менен макулдашууга кол коюлгандан тарта баштаган. Алар каражатты 30 жумушчу күн ичинде которушу керек.

Эскерте кетсек, аталган Чех компаниясы менен Кыргызстан Ак -Булуң, Камбар-Ата-2 жана Жогорку Нарын каскадындагы чакан ГЭСтердин курулушу боюнча келишимге кол койгон. Liglass Trading 37 миллион долларды төлөп, бул долбоордорду «Русгидро» ишканасынын ордуна үлүшкө кирет. Алмазбек Атамбаев 37 миллион доллар «Русгидро» ишканасына берилерин маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар