09:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаев: Россиянын биздин аймагыбызды басып алуу ниети жок

«Россиянын өзүнүн аймагы жетиштүү. Биздикин басып алуу ниети жок» — президент Алмазбек Атамбаев бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Алмазбек Атамбаев Россияга Канттагы аскерлердин санын көбөйтүүнүн ордуна, Кыргызстанда дагы бир, а базаны ачууну сунуштагандыгын айтты. Өлкө башчысынын пикиринде, дагы бир базаны Тажикстан менен чек ара жайгаштыруу ыңгайлуу. Аны менен Кыргызстан чек арасын бекемдеп, ал жактагы кырдаалды да көзөмөлдөп турат.

«Дагы бир аскердик базадан эмнеге коркушубуз керек. Россиянын өзүнүн аймагы жетиштүү. Биздикин басып алайын деген ою жок. Аны эми Россия чечиш керек. Анткени, ал бир топ акча талап кылат. Биз болсо өзүбүздүн аскерлерибизди күчтөндүрүшүбүз керек. Ага да Россия жардам берип жатат. Мына жакында эки учак бергени жатат. к», — деди Алмазбек Атамбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби