12:37
USD 87.45
EUR 90.27
RUB 0.90

Сооронбай Жээнбеков өлкө алдында турган башкы тапшырмалар тууралуу айтты

Бүгүн Кыргызстан социал-демократтар партиясынын XVI съездинде сөз сүйлөп жатып, Сооронбай Жээнбеков өлкө алдындагы башкы тапшырмалар тууралуу айтып берди.

«2017-жылдын алты айында экспорт өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга өстү. Эл аралык жана Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык заманбап лабораториялар курулуп жана оңдолуп бүттү, чек арада жаңы өткөрүү пунктары ишке кирди. Бул иш жыйынтыгын көрсөттү"- деди ал.

Анын айтымында, бир гана ЕАЭБ өлкөлөрү менен эмес, Европа биримдиги менен дагы соода алака жакшырды. Жыл башынан бери Европага экспорт 44,3 пайызга өстү.

Президентке талапкер экспортко багытталган ишканаларды колдоону сунуштайт.

«Биздин ички базардын көлөмү чакан. Андыктан, дүйнөлүк рынокко чыгып, өз ордубузду бекемдөө менен гана өнүгө алабыз» - деди Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн КСДП партиясы Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер кылып көрсөттү. 

Эң көп окулган жаңылыктар