04:19
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Илим Карыпбеков укук коргоочуга КТРКны өзгөртүүнү убадалады

КТРКнын алдында өткөн Өндүрүш Токтонасыровдун пикетине Илим Карыпбеков чыгып, укук коргоочунун дооматтарын укту. Бул тууралуу укук коргоочу «24.kg» агентигине билдирди.

Анын айтымында, Илим Карыпбеков пикетчинин пикири менен толук макул болгон эмес.

«Ал КТРКга 6 канал, 4 радио караштуу экенин, анын баары эле «кара жашик» түшүнүгүнө туура келбестигин айтты.  Айрым сындар менен макул болуп, оңдоого аракет кылам деди» - дейт укук коргоочу.

Өндүрүш Токтонасыров өзү жасаган «кара жашиктин» үлгүсүн корпорациянын башкы директорунун көзүнчө таштандыга таштагандыгын маалымдады. 

Эскерте кетсек, укук коргоочу КТРКны калыстыкка чакырып, саясый жаңылыктарды бурмалай, эки тараптуу берүү талабы менен пикет өткөрдү. 

Эң көп окулган жаңылыктар