09:34
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Мигранттардан которуулар бир айда 61 миллион долларга өскөн

Май айында эмгек мигранттары 61 миллион долларга көбөйүп, 199,6 миллионду түздү. Бул боюнча Улуттук банк маалымдайт.

Кыргызстанга 236 миллион доллар которулуп, 36,8 миллион доллар өлкөдөн чыгарылган. Которуулардын көпчүлүк бөлүгүн (233 миллион доллар) Россияда иштеген мигранттар жөнөтүшөт.

Белгилей кетсек, акыркы бир жарым жылдан бери өлкөгө акчалай которуулардын көлөмү биринчи жолу бул көрсөткүчкө жетип олтурат. Россиянын валютасынын куну учкандан кийин, мигранттар үйүнө аз каражат жөнөтүп калган.

Жыл башынан бери мигранттар жөнөткөн акча — 851,5 миллион долларды түздү. Өлкөдөн 156,3 миллион доллар тышка чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар