USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Бишкекте жоголгон кыздар табылды

Жазгуль МАСАЛИЕВА
10:25, 06 июля 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жоголгон кыздар табылды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине алардын апасы Гүлзат Кеңешова билдирди.

Анын айтымында, кыздарды «Таатан» соода түйүнүн жанынан ИИМдин курсанты таап келген. Жети жана беш жаштагы секелек кыздар беш саат көчөдө үйүн издеп жүрүшкөн.

«Көчөдө ойноп жүрүп алыс кетип калышкан. Үйгө карай жолду таппай, адашып кеткен. Жамгырда калып

суу болуптур, бирок, абалы жакшы» - деди Гүлзат Кеңешова.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармакта кыздарды табууга жардам сураган кайрылуу жарыяланган. Кыздар Аламүдүн базарынын жанындагы Гагарин көчөсүнөн жоголушкан. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика