16:59
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстанда «Элдик талапкер» коомдук-саясый кыймылы түзүлдү

Кыргызстанда «Элдик талапкер» коомдук-саясый кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте мурдакы Акыйкатчы Бакыт Аманбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Мукар Чолпонбаев, Бөдөш Мамырова, Улукбек Кочкоров жана журналист Нарын Айып билдирди.

Жолугушууда президенттик шайлоого бир талапкерди сүрөп чыгуу маселеси талкууланды.

«Коомдун өлкөнүн келечегине көңүл кош эмес жарандарын жана саясый күчтөрүн бириктирип, бир талапкер алып чыгуу сунушун талкууга коюп жатабыз», — деп билдиришти демилгечилер.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар