16:28
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Садыр Жапаров шайлоого аттанып, президенттин милдетин Талант Мамытов аткарат

Премьер-министр Садыр Жапаров шайлоого катышуу үчүн өз ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирүү таратты.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугун тапшырып, өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтотту.

Президенттин милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов аткарат. Министрлер кабинетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жетектейт.

Садыр Жапаров 15-октябрда премьер-министр болуп шайланды. Ал президенттин шайлоого ат салышмакчы. 

Эң көп окулган жаңылыктар