09:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бийлик электр жарыгына бааны көтөрүү оюнан кайта элек

Бийлик электр жарыгына бааны көтөрүү оюнан кайта элек. Бул тууралуу энергетика тармагындагы адистердин тегерек стөлүндө сөз козголду. Анда президенттин аппарат башчысы Сапар Исаков донорлор менен биргеликте маселени талкуулоону сунуштады. 

«Бааны көтөрүү үчүн калкты жогорку айлык акы, социалдык төлөмдөр менен камсыз кылыш керек. Албетте алдыга жылуу керек. Убакыт өтө аз», — деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Отун өнөр жай комплексин жөнгө салуу агентиги 2017-жылы жарык жана жылуулук акысын кымбаттатуу планын жарыялаган. 

Эң көп окулган жаңылыктар