21:15
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Камила Дүйшөбаеванын өлүмүн иликтеген иш алдыга жылды

Студент кыз Камила Дүйшөбаеванын өлүмүн иликтеген иш алдыга жылды. Буга байланыштуу Калыбек Элтуйбасовго издөө жарыялангандыгын Ички иштер министрлиги кабарлайт. 

Эскерте кетсек, Камила Дүйшөбаеванын өлүгү 2014-жылы табылган. Ошол кезде бул ишке байланыштуу ал мезгилдеги Башкы прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасовдун ысмы дагы аталган. Бирок иш андан ары жайынан жылбай турган. 

ИИМдин маалыматында, 2014-жылдын март айында Калыбек Элтуйбасов жана саунанын А.Н. аттуу ээси 10-мартта чейинки видеожазууларды атайын өчүрүп салышкан.  Бул кылмыш ишин иликтөөгө жолтоо болгон. 

2017-жылдын 29-июнунда ИИМ Калыбек Элтуйбасовго каршы кылмыш ишин козгогон.    

Эң көп окулган жаңылыктар