22:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Аида Салянова: Алексей Елисеевге берилген лизенция Латвияда иштебейт

Алексей Елисеев жактоочулук лизенциясы менен Латвияда иш алып бара албайт. Анткени, Кыргызстан Европа биримдиктин мүчөсү эмес. Бул тууралуу парламенттин депутаты Аида Салянова Ленин райондун сотунда анын ишин кароо учурунда билдирди.
 
Анын айтымында, Алексей Елисеев жактоочулук күбөлүгүн узарткандан эч бир пайда тапкан эмес.
 
«Андыктан Башкы прокуратуранын дооматы туура эмес. Елисеев консалтинг компаниясын күбөлүгүн узартканга чейин эле ачкан» — деди ал.
 
Белгилей кетсек, тергөөнүн корутундусунда Елисеев жактоочулук күбөлүк алгандан кийин атайын сайт ачкан.
 
Эскерте кетсек, мурдакы Башкы прокурор Юстиция министрлигин жетектеген кезде юрист Алексей Елисеевдин жактоочулук лизенциясын мыйзамсыз түрдө узартып берген деп айыпталууда. Аида Салянованын билдирүүсүндө, жактоочулук лизенциясы Елисеевге кылмыш иши козголгонго чейин узартылган. Ал министр катары эч бир мыйзамдын чегинен чыкпагандыгын айтып келет.
 
Эң көп окулган жаңылыктар