14:35
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кыргызстанда билим алууга насыя берилет

Кыргызстанда билим алууга насыя берилет. Бул тууралуу мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.

Аны демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев. «Билим берүү" жөнүндөгү мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүгө ылайык жогору билим алууга насыя берилет. Студенттер окууну аяктагандан кийин гана, насыяны пайызы менен бирге кайтарып баштайт.

«Жогорку окуу жайларды каржылоо татаалданып бара жатат. Ошол эле учурда билим акысы дагы көтөрүлүп жатат. КМШ аймагына салыштырмалуу Кыргызстанда университеттердин акысы арзаныраак болгондугу менен көпчүлүк жарандардын акчасы жетпейт», — дейт демилгечилер.

Мыйзам долбоордун түшүндүрмөсүндө, Кыргызстанда билим берүүгө делген насыя керектөөчү насыядан айырмаланбайт. Үстөк пайызы дагы жогору.

Демилгенин авторлорунун айтымында, долбоор миграция маселесине дагы таасир берет. Анткени жогорку билим алууга кудурети жетпеген жаштар жыл сайын мигранттардын санын көбөйтүп, чет өлкөгө кетип, эң арзан жумуш күчүнүн катарын толуктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар