20:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Боршайком Өмүрбек Текебаевдин шайлоого ат салышы боюнча түшүндүрмө берди

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке ат салышып жаткан Өмүрбек Текебаевдин талапкерлиги тууралуу түшүндүрмө берди.

Анда, «Ата Мекендин» лидеринин өзүн-өзү көрсөтүүгө толук укугу бар экендиги айтылат. Анын арызын жана башка документтерин азыр БШКнын жумушчу тобу карап жаткандыгы маалымдалат. Бирок, катталуу үчүн саясатчы дагы бир топ иш кагаздарын алып келиши керектиги белгиленет. Шайлоо эрежелери боюнча, 30 миң кол топтоп, мамлекеттик тилди билерин аныкаган маалымдаманы алып келип, 1 миллион сом өлчөмүндөгү күрөө коюп, шайлоо фондун ачкан жаран гана талапкер болуп катталат.

БШКнын билдирүүсүндө, талапкер болуп катталгандан кийин Өмүрбек Текебаевге карата соттун өкүмү күчүнө кирсе, анда кийинки кадамдар мыйзам менен аныкталат.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жекшемби күнү шайлоого катышууга БШКга арыз жолдоду.

Эң көп окулган жаңылыктар