22:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Москва Алмазбек Атамбаевди нөшөрлөгөн жаан менен тосуп алды

Алмазбек Атамбаевдин Россияга мамлекеттик сапары нөшөрлөп жааган жаан менен башталды. «Внуково» абамайданында ардактуу кароол менен Россиянын федералдык бажы кызматынын башчысы Владимир Булавин, тышкы иштер министринин орун басары Григорий Красин, Россиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Андрей Крутько тосуп алышты.

Протоколго ылайык эки өлкөнүн мамлекеттик гимни ойнолду.

Негизги иш чаралар бүгүн башталып, алгач Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Эң көп окулган жаңылыктар