03:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү кыскарды

Бир ай ичинде Кыргызстанга 17 миллион долларга аз акча которулуп, майдын жыйынтыгы боюнча жалпы сумма 138,6 миллионду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт.

Апрель айында Кыргызстанга 170,7 миллион доллар которулду. Мартта 191 миллион доллар болчу. Жыл башынан бери мигранттар үйлөрүнө 615,1 миллион доллар жөнөткөн.

Ал эми Кыргызстандан башка мамлекетке чыгарылган акчанын көлөмү — 119,5 миллион доллар. Апрель айында эле — 32,1 миллион доллар.

Үстүбүздөгү жылдын төрт ай ичинде Кыргызстанга 495,7 миллион которулса, анын 98 пайызы Россиядан жөнөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума