18:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Садыр Жапаровдун соту убактылуу токтотулду

Мурдакы депутат Садыр Жапаровдун ишин кароону Биринчи май райондук соту убактылуу токтотту. Ага жактоочулардын Бишкек шаардык сотуна кайрылуусу себеп болду.

Эскерте кетсек, жактоочулар Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөрүүсүз калтырган райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко арыз жолдогон.

Жактоочулар мурдакы депутатты үй камагына чыгарууну суранып жатышат.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 25-мартта кармалган. Ал азыр № 1 абагында кармалып жатат. Ага адамды барымтага алуу жана бир катар айыптар тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар