09:58
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аида Салянова Алексей Елисеевден бир тыйын алган эмес

Аида Салянова Алексей Елисеевге жактоочулук лизенциясын узартуудан эч пайда көргөн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутатынын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

Жактоочунун айтымында, Салянова бул иште юстиция министринин ыйгарым укуктарынын жана мыйзамдын чегинен чыккан эмес.

Аида Салянова Алексей Елисеевдин жактоочулук күбөлүгү узартылган кезде ага Башкы прокуратура, же Юстиция министринин орун басары тарабынан кылмыш иши козголбогондугун айтты.

«Бул суроо жаралган кезде мен башкы прокурор болчумун. Елисеевге каршы кайсы кызмат иш козгонун билем. Анда MegaCom компаниясынын 51 пайыз акциясын сатуу чечими кабыл алынган. Ошондо эле иш саясый өңүткө бурулганы белгилүү болчу», — деди Аида Салянова.

Мурдакы башкы прокурордун жактоочулары соттон ишти токтотууну суранышты. Сот чечим кабыл алууга тыныгуу жарыялады.

Эскерте кетсек, Аида Саляновага юстиция министри кезинде Алексей Елисеевдин жактоочулук күбөлүгүн мыйзамсыз узартып берген деген айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар